Бүгүн Парижде Паралимпиада оюндары башталат

Бүгүн, 28-августта Парижде Паралимпиада оюндарына старт берилет. Жайкы Олимпиада Парижде  11-августта жыйынтыкталган.

Бул жолку XVII жайкы Паралимпиада оюндарында өлкө намысын пауэрлифтинг, триатлон, жеңил атлетика жана дзюдо сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча 4 спортчу коргойт.

 

Ачылыш аземинде Кыргызстандын туусун Паралимпиада курама командасынын капитаны Маматибраим Суранов алып чыгат.

Кыргызстандын Паралимпиада курамасынын курамында: Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызы (триатлон), Маматибраим Суранов (дзюдо), Миргүл Болоталиева (пауэрлифтинг).