Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө коомдук коопсуздукту 15 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө коомдук коопсуздукту 15 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, анын 5 миңдейи Бишкектеги тартипти көзөмөлдөйт.

 

Майрамдык иш-чараларга байланыштуу ордо калаанын борбордук бөлүгүндө унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Айтматов, Манас проспектилери менен Байтик баатыр көчөсүн бириктирген бөлүк тосулат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.