Ош облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтуна таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн таңкы саат 6:37де Тажистандын аймагында очогунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө болгон.

Жердин силкинүүсү Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4,5 балл, Нура жана Эркештам айылдарында 4 баллга чейин сезилген.

Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.