Кыргызстан – Өзбекстан футбол беттешинде  VAR системасы колдонулат

Кыргызстан – Өзбекстан футбол беттешинде  VAR системасы колдонулат. Эске салсак, оюн 10-сентябрда Дөлөн  Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Курамалар 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун үчүнчү раундунун алкагында кез келет.

 

Белгилеп кетсек, учурда реконструкциядан өтүп жаткан стадиондо аталган системаны колдонууга бардык шарттар түзүлүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.