Кыргызстандык дзюдочулар Доха шаарында өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 7-14 май күндөрү өтөт.
Ага Кыргызстандын атынан алты спортчу барат. Алар:
1. Ханболот Ырысбеков, 60 кг;
2. Кубанычбек Айбек уулу, 66 кг;
3. Чыңгызхан Сагыналиев, 73 кг;
4. Эртур Турдубаев, 73 кг;
5. Асад Масабиров, 81 кг;
6. Эрлан Шеров, 90 кг.
Курама команда улук машыктыруучу Сергей Кладнов жана башкы машыктыруучу Абдужалил Юнусовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.