Хорватиядагы мелдеште Айпери Медет кызы да алтын алды

Хорватияда өтүп жаткан Zagreb Open рейтингдик мелдешинде Айпери Медет кызы финалда Кытайлык балбан кыз Хуан Ваны 2:1 эсебинде жеңип, алтын медаль алды.

 

Ушул эле мелдештин алкагында 12-январда дүйнөнүн үч жолку, Азиянын беш жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова финалда АКШдан келген Кайла Мираклды 7:0 эсебинде утуп, алтын тагынган.