Өзгөндө айланма жолдун курулушу кызуу жүрүүдө

Өзгөндө айланма жолдун курулушу кызуу жүрүүдө. Бишкек — Ош унаа жолунун Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү тилкесинде жол тыгынын азайтуу максатында курулуп жаткан жолдун узундугу 14 чакырымды түзөт.

 

Жол эки тараптуу 4 катар болот. Анда Кара-Дарыянын үстүнөн өткөн 200 метрлик көпүрө жана Жазы дарыясынын үстүнөн 97 метрлик көпүрө курулууда. Жолдун 8 кесилишине туннель аркылуу өтүүчү жол курулуп, светофор коюлбайт. Учурда жеринде 300 жумушчу жана 112 техника иштеп жатат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.