Бүгүнтөн тарта Боом капчыгайында унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кооптуу таштарды кулатуу иштери бүгүнтөн тарта 19-апрелге чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 118-чакырымында жүргүзүлөт.
Андан улам трасса эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин жабылып турат.