Чаткал – Ташкент жолунун курулушу бир айдын ичинде башталат

Чаткал – Ташкент жолунун курулушу бир айдын ичинде башталат. Бул тууралуу Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев “Азаттыкка” билдирди.

 

Анын айтымында, учурда каттамдын долбоору чийилип жатат. Чаткал-Ташкент жолунун Беш-Арал коругунун аймагынан өтүүчү багыты өзгөрүлдү.

 

Инвестор Кыргызстанга тиешелүү 70 чакырым жолду курат, Өзбекстан өзүнө тиешелүү жолду курат, — деди Сеңирбаев. Белгилеп кетсек, Чаткал -Ташкент жолунун жалпы узундугу 150 чакырымды түзөт.