Сузакта жер көчкү түшкөн аймак тазаланып, жол ачылды

Сузакта жер көчкү түшкөн аймак тазаланып, жол ачылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 28-апрелде Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагына карашту Калмак – Кырчын – Канжыга жолуна жер көчкү түшкөн.

 

Анын айынан Балыкчы – Жалал-Абад альтернативалык жолу убактылуу жабылган. Жолдогу кооптуулукту жоюуга оор техника тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү.

 

Эске салсак, буга чейин өлкөнүн бир катар айылдарында сел жүрүп, айрым аймактарга өзгөчө кырдаал режими киргизилген.