Кыргызстанда 1-сентябрдан тарта автоунааны кайра каттоо жана мамлекеттик белгилерин калыбына келтирүүдө ОСАГО полиси милдеттүү түрдө талап кылына баштады. Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети 9-августта кабыл алган. Ага ылайык, жарандар машина камсыздандыруудан өткөнү тууралуу документти алышы керек.
Автоунааларды камсыздандыруу полисинин баштапкы баасы 1 миң 680 сом. Төлөм машинанын түрүнө, айдоочунун жашы менен тажрыйбасына жана ал жол кырсыктарына канчалык көп учураганына жараша өзгөрүлөт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.