«Бедел» өткөрүү түйүнү ушул айда ачылат

Кыргыз-кытай чек арасында “Бедел” өткөрүү түйүнү ушул айда ачылат. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, анда жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте убактылуу шарттар түзүлөт.

 

Учурга карата көпүрөнүн курулушу аяктады. Жакын арада эл аралык талаптарга жооп берген инфраструктура түзүлөт.

 

Өкмөттөн белгилешкендей, “Бедел” түйүнүнүн ишке кириши менен Кытай жана Борбор Азия мамлекеттери ортосунда эки тараптуу эл аралык коридор пайда болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.