Өлкөдө жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, минералдык жер семирткичтерди Кыргызстандан Евразия экономикалык бирлигине кирбеген өлкөлөргө ташып чыгууга болбойт.
Мындай чектөө алты ай күчүндө болот.