Кыргызстанда чакан жана орто бизнеске четтен тартылган инвестиция көбөйдү

Кыргызстандын чакан жана орто ишканаларын өнүктүрүүгө келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестиция көлөмү былтыр 230 млн долларды түздү. Бул ага чейинки жылга салыштырганда дээрлик 32%га көп деп билдиришти Улуттук статистика комитетинен.

 

Өсүш айыл, токой, балык чарбасы, пайдалуу кендерди казуу, дүң жана чекене соода, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, маалымат жана байланыш, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөлөрүндө, ошондой эле кесиптик, илимий жана техникалык багыттагы ишканаларда болгону белгиленди.