Таласта мөмө-жемиштер үчүн 4,5 млн сомго тоңдургуч алынды

Таластын Манас районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүнө 4,5 миллион сомго мөмө-жемишти тоңдура турган жабдык жана 20 тонналык эки муздаткыч берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, жабдыктын жардамы менен айыл чарба продукциясын керектүү температурада тоңдуруп, андан ары муздаткычта сактап, аны коопсуз шартта экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүк жаралат. Аталган айыл өкмөттө кулпунай жана малина өстүрүүгө өзгөчө басым жасалууда.

 

Белгиленгендей, жабдыктар Кытайдын ири технологиялык заводдорунан алып келинген.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.