CASA-1000 долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусуна 4 миллион доллар инвестициялык каржылоо күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, каражат Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Тогуз-Торо райондорундагы 39 айылга жумшалат.
«Жергиликтүү коомчулукту колдоо үчүн кошумча каржылоо» долбоорунун биринчи бөлүгүндө облустун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен районундагы 20 айылдык аймакка 2 миллион 340 миң доллардан ашык инфестициялык грант каралган. Анын алкагында бир катар социалдык маселелер чечилүүдө.
CASA-1000 — Кыргызстан жана Тажикстандын электр кубатын Афганистан менен Пакистанга сатууга багытталган, бирок көп жылдан бери ишке ашпай келаткан долбоор.