2023-жылы бажы төлөмдөрүнөн 94,6 млрд сом түшүүсү күтүлүүдө

Бажы кызматынын 2023-жылга жылдык планы – 94,6 млрд сом өлчөмүндө бекиди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков маалымат жыйында билдирди.

 

Анын айтымында, бул сумманын ичинен 73 млрд сому кошумча нарк салыгынан түшөт.

 

“Пландык көрсөткүч Каржы министрлиги тарабынан коюлду. Тиешелүү анализдер жүргүзүлүп, бажы кызматы дагы өз оюн айтты. Кытайдан товарлардын келүү көлөмү бүгүнкү күндөй болсо, алсак, “Торугарт” бекетинен тарыхта болбогондой 202 унаа жүгү менен өттү. Ушундай темп менен кетсек, анда планды ашыгы менен аткарабыз”, — дейт ал.

 

Исабеков 2022-жылдын январь-декабрь айларында Бажы кызматы тарабынан 74,3 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү камсыз болуп, план 100,8 пайызга аткарылган же 604,8 млн сомго көп чогултулганын белгиледи.

 

“2021-жылдын ушул мезгилине карата бул сумма 46,9 млрд сомду түзгөн. Тагыраак айтканда, ушул жылы 12 айда 27,4 миллиард сомго көбүрөөк чогултулган, ал эми өсүү темпи 158,5 пайызды түзгөн. Мамлекеттик бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүү көрсөткүчтөрүн 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырсак, анда бажы кызматы тарабынан 40 млрд сомго көп берилген. 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,5 млрд сомго көп. Ошондой эле 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31 млрд сомго көп”, — деди төрага.