Өлкөдө жеке турак-жайлар көбүрөөк салынып баштады. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери 5 миң 500 объект колдонууга берилди.
Үйлөрдүн жалпы аянты 700 миң чарчы метрди түзөт. Бул өткөн жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу 36,5 пайызга көп. Жеке турак-жайларды курууга негизги капиталга 7 айда 18 миллиард сомдон ашык инвестиция тартылды.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.