“Нарын” ресторанынын ордуна бизнес борбор курулат

Бишкекте түрттүрүлгөн “Нарын” ресторанынын ордуна беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор жана соода аянттарын камтыган көп тармактуу комплекстин курулушу башталды. Ага президент Садыр Жапаров капсула салганын өлкө башчынын басма сөз кызматы 10-мартта кабарлады.

 

Маалыматка ылайык, комплексте 296 номери бар беш жылдыздуу мейманкана болот. Ошондой эле 444 батирлүү турак жай, соода аянттары жана 1,2 миңден ашык автоунаа үчүн жер астындагы машине токтотуучу жай салынат. Долбоордун баасы 321 млн. АКШ долларын түзөт.

 

Проектти ТОО “Feb group” филиалы, Hyper Partners, ARIYA, Core Architecture жана “Gurgoli” курулуш компаниясы ишке ашырат.

Бишкектин чок ортосунда жайгашкан “Нарын” рестораны 1980-жылдары курулган. Убагында эл көп барган жайлардын бири болгон имарат он жылдан ашуун убактан бери ээнсиреп, талкаланып турган. Өкмөт имаратты 2017-жылы бузган.