Жалал-Абадда эки абактын имараты бузулуп, ордуна эс алуу жайлар курулат

Жалал-Абадда эки абактын имараты бузулуп, ордуна эс алуу жайлар курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

 

Кеп Жазаларды аткаруу кызматынын алдындагы №10 түзөтүү абагы, Кайтаруу жана конвой башкармалыгынын №5 батальонунун имараттары тууралуу болуп жатат. Түзөтүү мекемелеринин ордуна административдик имарат курулуп, шаардыктар үчүн сейил бак, музей, оюн-зоок борбору салынат.