Жалал-Абад шаарында жаңы төрөт үйү курулат. Тиешелүү маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылды. Ага ылайык, курулуш иштерине капиталдык курулуш департаменти 222 миллион 800 миң сомдон ашык жумшайт.
Перинаталдык борбор 2 жылдын ичинде колдонууга берилет деп күтүлүүдө.