Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көкпар командасы финалга чыкты. Жарым финалда кыргызстандык улакчылар Түркиянын командасын 15:1 эсебинде жеңди. Финалда биздин команда ким менен ойноору Казакстан менен Россиянын жарым финалдагы беттешинен кийин белгилүү болот.
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда расмий ачылды.
Ага 90дой мамлекеттен 2,5 миңдей спортчу катышууда. Спорттун 21 түрүнөн мелдештер өтөт. Көк бөрүдөн жана көкпардан мелдештер өзүнчө өтүп жатат.