Чүй облусунда Ала-Арча дарыясына көпүрө куруу иштери уланууда

Чүй облусунда Ала-Арча дарыясына көпүрө куруу иштери уланууда.

 

Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, объект Аламүдүн-Арашан-Кой-Таш жолунда жайгашкан. Анын узундугу 23, туурасы 13 метрди түзөт.

 

Бүгүнкү күндө фундаментти казуу иштери толугу менен аяктады. Көпүрөнү жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.

 

Эске салсак, эски структура буга чейин эле жараксыз абалга кептелип, унаалардын өтүүсү үчүн убактылуу көпүрө орнотулган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.