Баткенде ротация менен аймакка келген жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери үчүн 31 кызматтык үй курулууда

Баткенде ротация менен аймакка келген жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери үчүн 31 кызматтык үй курулууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

 

Имараттарды тургузуу 85 пайызга аяктап калды, учурда жеринде ички жана сырткы жасалгалоо иштери жүрүүдө. Курулушка багытталган каражат тууралуу так маалымат азырынча жок.