Талас облустук милициясына эки кызматтык унаа тапшырылды

Талас облустук ички иштер башкармалыгына жергиликтүү алтын кенди иштеткен компания тарабынан эки авто унаа тапшырылды.

Облустук милициядан билдиришкендей, 2022-жылдын аягында компания Талас ОИИБдин техникалык базасын чыңдоо максатында колдоо көрсөтүп, бүгүнкү күнү каттоочу иш кагаздары даярдалып, салтанаттуу түрдө унааларды тапшыруу аземи өттү.

Компания Талас облустук ички иштер органдарынын буга чейинки дагы көптөгөн долбоорлорун каржылап, материалдык техникалык базасын жана имараттарды жакшыртуу багытында колдоп келүүдө.