Чүй жана Ош облустарынын кайгуул кызматына “Автоураган” комплекстери тапшырылды

Чүй жана Ош облустарынын кайгуул кызматына “Автоураган” комплекстери тапшырылды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, келечекте мындай жабдуулар бардык аймактардын кызматкерлеринде пайда болот.

 

Эске салсак, “автоураган” комплекси унаанын мамлекеттик номерлерин каттап, жол эрежелеринин бузууларын аныктай алат.