Ош облусунда кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кара-Суу” өткөрмө бекети 14 жылдан кийин кайрадан ачылды. Анда эки тарапта бештен кызматкер суткасына 5 миңге чейин адамды тейлейт деп пландалууда.
Буга чейин “Достук” өткөрмө бекетинде узун кезек пайда болуп, “Ынтымак” жана “Кара-Суу” пункттарын ачуу пландалган, биринчиси учурда оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Белгилеп кетсек, эки өлкөнүн чек арасында жалпы 15 өткөрмө бекет бар.
Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.