Кыргыз-кытай чек арасы 29-апрелден 1-майга чейин жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Торугарт” жана “Эркеч-Там” көзөмөл-өткөрүү пунктуларынан адамдардын, унаалардын өтүүсүнө жана жүк ташууга убактылуу чектөө киргизилет.
Ал эми 2-майдан тарта кадимки тартипте иштеп баштайт. Бул Кытайда эмгек күнүн майрамдоого байланыштуу кабыл алынган чара.