Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде тыгында турган айдоочулар үчүн чатырлар тигилди

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде тыгында турган айдоочулар үчүн чатырлар тигилди. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады.

 

Айдоочуларга медициналык, психологиялык жана башка жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлүп, ысык тамак уюштурулган. Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жол кыймылынын, коомдук коопсуздуктун сакталышы боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

 

Эске салсак, аталган бекетте жүк ташуучу унаалардын кезеги 20-августтан тартып узара баштаган. Кечээ алардын саны 500гө чукулдады.