Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын дагы дээрлик 11 чакырым тилкесин макулдашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Эки өлкөнүн топографиялык жана жумушчу топторунун жолугушуусу коңшу өлкөнүн Бустон шаарында 12-17-март күндөрү өттү.
Тараптар чек араны тактоо иштерин улантууда, кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында болот.
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырым. Өткөн жылдын августундагы маалымат боюнча чек аранын тактала элек бөлүгү 290 чакырым болчу.