Жалал-Абаддын айрым көчөлөрүндө электр энергиясы өчүрүлөт

Бүгүн Жалал-Абаддын айрым көчөлөрүндө электр энергирясы өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 18-сентябрда оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 10:00дөн 20:00гө чейин Р.Азимова, Сатыбалды Палван, Ч.Айтматов, Б.Алыкулов, Гагарин көчөлөрүндө, ал эми саат 10:00дөн 10:30га чейин жана 20:00дөн 20:30га чейин Жеңи-Жок, Белек, Арбат, Мадаминов, Абдрахманов, Алыкулов, Найман, Рахманалиев, Ч.Айтматов, Школный, Назаров М.Жолчубай көчөлөрүндө, Лавдан-Кара айылында электр жарыгы болбойт.

 

Мэрия жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.