Кыргызстанда 100 миңге жакын пенсионердин алган пенсиясы жашоо минимумунан төмөн

Кыргызстанда 100 миңге жакын пенсионердин алган пенсиясы жашоо минимумунан төмөн. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

 

Ал белгилегендей, өлкөдө жалпысынан 762 миң пенсионер бар болсо, анын 100 миңге жакыны жашоо минимуму болгон 6 миң 813 сомдон аз пенсия алат. Учурда мыйзам даярдалып жатат, документ кабыл алынса, алардын пенсиясы дагы көбөйөт, — деди Алиев.

 

Эске салсак, быйыл 1-октябрда өлкөдө пенсиянын өлчөмү кезектеги ирет жогорулап, орточо эсеп менен 9 миң 354 сомго теңелет.