Чукул билдирүү: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратып, 10-12-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайына байланыштуу мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаай турганын эскертти.

 

11-12-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.

 

Абанын температурасы төмөндөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтириши мүмкүн.

 

Бул күндөрү нөшөргө байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.