Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда

Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда. Бүгүн Жибек-Жолу проспектисинин Сүйүнбаев көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

 

Мындан тышкары, Жибек-Жолу проспектисинин Аламүдүн суусунун күн чыгыш тарабынан тарта Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түндүк тарабы капиталдык оңдоо жумуштарына жабылат.

 

Жибек-Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.