Майлуу-Сууга жылуулук бериле баштады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, №1 отказандын иши калыбына келтирилип, учурда 600гө жакын абонент жылуулук менен камсыз болду.
Ошондой эле ӨКМдин жана шаардык кызматтардын бригадалары көйгөйлүү аймактарга суу жеткиргени кабарланды.
Эске салсак, 12-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында сууктан улам суу өтүүчү түтүктөр тоңуп, жылуулук жана суу берүү системасы иштебей калган.
Шаарда өзгөчө кырдаал режими киргизилип, билим берүү мекемелери онлайн окутууга өткөрүлдү.