“Айыл чарбасын каржылоо — 10” долбоорунун алкагында 8 миңден ашык жеңилдетилген насыя дыйкандарга берилди

“Айыл чарбасын каржылоо — 10” долбоорунун алкагында 8 миңден ашык жеңилдетилген насыя дыйкандарга берилди. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, жалпы берилген сумма 4,5 миллиард сомдон ашат.

 

Бийликтен белгилешкендей, каржылык колдоо мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүүгө берилет. Андан тышкары, агро өнөр-жай жана кайра иштетүү тармактарындагы ишканалар жеңилдетилген насыя ала алат.