Чүй облусу боюнча 2023-жылдын 8 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер катары 292 млн сом өлчөмүндө акча каражаты каржыланган.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, каражаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн:
— теңдөөчү трансферт — 218,8 млн сом;
— ыйгарым укуктарды берүүгө — 33,2 млн сом;
— электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына — 1,2 млн сом;
— жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга — 38,8 млн сом.
Мындар тышкары, Капиталдык салымдар беренеси менен 104 объектке 327,9 млн сом каржыланды.