1-октябрдан тарта Ош шаарында жана Ош облусунда ЖЧК түрүндөгү юридикалык жактарды каттоо жалаң гана онлайн форматта жүргүзүлөт. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, кагаз түрүндөгү арыздар кабыл алынбайт.
Демилге административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө жана ишкерлерге колдоо көрсөтүүгө багытталган.
Эске салсак, 27-августтан тарта Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ЖЧКны онлайн каттоо башталган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.