Кыргызстан жана Катар ортосунда 13 эки тараптуу документтерге кол коюлду

Кыргызстан жана Катар ортосунда 13 эки тараптуу документтерге кол коюлду. Президент администрациясынан билдиришкендей, алардын ичинде – маданий борборлорду түзүү, аскер, саламаттыкты сактоо жана спорт тармактарында кызматташуу макулдашуулары бар.

 

Ошондой эле эки өлкөнүн мамлекеттик органдары ортосунда бир катар меморандумдар жетишилди.

 

Эске салсак, Катардын эмири учурда Кыргызстанда мамлекеттик сапары менен жүрөт.