Кыргызстанга Азербайжандын президенти Илхам Алиев келди. Аны «Манас» аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Алиев КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын эртеңки саммитине катышат.
Иш-чаранын жүрүшүндө КМШ мамлекеттеринин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө, ошондой эле чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынмакчы.