Ош шаарында кезектеги таштанды ылгоочу аянтча ишке кирди

“Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы Кулатов кичи районунда жалпы аянты 105 чарчы метрди түзгөн тиричилик таштандыларын ылгоочу бешинчи аянтчаны ишке киргизди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти

 

Буга чейин шаар аймагында, тактап айтканда Г.Айтиев, Е.Алиев, А.Пушкин, Алай, Ленин көчөлөрүнүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанында таштанды ылгоочу аянтчалар курулуп, пайдаланууга берилген.

 

Шаар аймагы боюнча быйыл жалпысынан 10 таштанды ылгоочу аянтчалар курулат. Долбоор «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан өз эсебинен ишке ашырылып, шаардын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган.