Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: Добуш берүүчүлөр Tizme порталына жайгаштырылды

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн алдын ала тизмеси Tizme порталына жайгаштырылды. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, жарандардын аты-жөнү 28-сентябрга чейин шайлоо тилкелерине илинет.

 

Маалыматты шайлоо участогунан тактап же 119 номерине ПИН кодду көрсөтүү менен СМС жөнөтсө болот. Эгер жаран өзүнүн маалыматтарында ката тапса же өзүн шайлоочулардын тизмесинен таппай калса, 1-ноябрга чейин шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу.

 

Эске салсак, жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо 17-ноябрда өтөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.