Кыргызстандыктардын Казакстанда жүрүү тартибин жөнөкөйлөтүү талкууланды

Кыргызстандыктардын Казакстанда жүрүү тартибин жөнөкөйлөтүү талкууланды. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, аталган маселе Ысык-Көлдө өткөн кыргыз-казак консулдук кеңешмесинин жыйынында сөз болду. Натыйжада тараптар жарандардын эки өлкөдө тең жүрүү режимин жөнөкөйлөтүү боюнча иштерди улантмай болду.

 

Эске салсак, жаңы жылдан тарта Казакстанда миграциялык талап жана эреже катаалдашкан. Ага ылайык, Кыргызстандын, Россиянын, Беларустун жарандары бул өлкөдө жарым жыл ичинде 90 күн гана жүрө алат. Буга чейин алар Казакстанда чек арадан чыгып-кирип, чектөөсүз жүрө алчу.