Түркиянын президенти Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келет

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 2024-жылы Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келери пландалып жатат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

 

Бирок Орунбеков Түркиянын лидери кайсы айда келерин тактаган жок.