Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматтан бошотулду

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматтан бошотулду. Эмилбек Абдыкадыровду иштен алуу боюнча жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

 

65 жаштагы Абдыкадыров бул кызматка былтыр дайындалган. Ага чейин бир жылдан ашуун Бишкектин мэри болгон.