Быстровка ГЭСин реконструкциялоого Дүйнөлүк банк 4,6 миллион доллар бөлүп берди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Ошондой эле каражаттын бир бөлүгү тиешелүү документацияны иштеп чыгууга жумшалат.
Гидроэлектрстанция 1954-жылы ишке берилип, эскилиги жеткендиктен, кубаттуулугу кыскарган.
Аны реконструкциялоо менен натыйжалуулугун 18 пайызга көбөйтүп, жылдык электр энергиясын өндүрүү көрсөткүчүн 7,2 миллион киловатт-саатка жеткирүү пландалып жатат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.