Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Кыргызстанга электр энергиясын импорттоо 800 миллион киловатт-саатка жетти

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Кыргызстанга электр энергиясын импорттоо 800 миллион киловатт-саатка жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

 

Жалпысынан 9 айда республика башка мамлекеттерден  2 миллиард 907 миллион киловатт-саат электр энергиясын сатып алды. Өткөн жылга салыштырмалуу, көрсөткүч 300 миллионго көп. Эң көп импорт Түркмөнстандан болгон. Андан тышкары, өлкө электр энергиясын Казакстан, Россия жана Өзбекстандан сатып алат.

 

Импорттолгон кубаттуулуктун жалпы баасы 7 миллиард сомдон ашты.