Кыргызстан 2024-жылы 3,5 млрд кВт саат электр энергиясын сатып алат

Кыргызстан 2024-жылы 3,5 млрд кВт саат электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

 

Анын айтуусунда, импорт сентябрь айынан декабрга чейин жүргүзүлөт. Электр энергиясы Түркмөнстан, Россия жана Казакстандан алынат.

 

Чиновник мунун себебин керектөөчүлөрдүн саны жыл сайын эселеп өсүп жатканы менен түшүндүрдү. Ал ошондой эле жакынкы мезгилде жарыкты берүүдө чектөөлөр болбой турганын айтты.