Кыргызстан “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна насыя алат

Кыргызстан “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна насыя алат. Бул тууралуу “Кабарга” берген маегинде президент Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, станция курулуп бүтсө, 12-13 жыл дегенде өзүн актап, андан кийин Токтогулдай болуп өлкөгө пайда алып келип баштайт.

 

Ал эми Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча долбоор ойлондурууда.

 

Сумма өтө чоң болгондуктан, долбоор өзүн 35-40 жылда гана актайт, — деди Жапаров.