Бишкек ЖЭБин газга өткөрүү үчүн министрлер кабинети каражат бөлүп берүүгө даяр. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, жылуулук-электр борбордун эски блогун толугу менен газга өткөрүү үчүн 4 миллиард 800 миллион сом талап кылынат.
Учурда бул багытта “Газпром Кыргызстан” ишканасы менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө, — деди министр.
Эске салсак, кышында Бишкек асманын каптаган ыштан арылуу максатында ЖЭБди газга өткөрүү маселеси каралууда.